Июль айынын аягында Кытайдан дагы 1 миллион 250 миң кошумча дозадагы вакцина келет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов белгиледи.
Кечээ, 11-июлда өлкөгө Кытайдан чартердик каттам менен коронавирус инфекциясына каршы Sinofarm вакцинасынын 1 миллион 250 миң дозасы
алып келинген. Анын ичинен 1 миллион 100 миң доза вакцина республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынган, ал эми 150 миң доза Кытай тараптан бекер берилген.
Президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге, Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцянга, ошондой эле элчи Ду Дэвэнге вакциналарды алуу боюнча маселени ыкчам чечүүгө көмөк көрсөтүүсү, ошондой эле вакциналарды гуманитардык жардам катары берүүсү үчүн ыраазычылык билдирет.
"Мен калкты вакцина алууга, өзүнүн жана жакындарынын ден соолугун коргоого чакырам. Эмдөө коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүнүн бирден бир натыйжалуу жолу. Жарандарды санитардык коопсуздук ченемдерин сактоого - бет кап тагынууга, социалдык аралыкты сактоого жана эл көп чогулган жерлерге барбоого чакырабыз", - дейт Марипов.