Республикалык штабдан кош бойлууларга кандай учурда коронавируска каршы вакцина алууга болбой турганын билдирди.
Коркунуч тобуна киргендер:
- ашыкча салмактуулук менен жабыркагандар;
- кант диабети менен;
- дем алуу органдары оорусу менен;
- өнөкөт анемия менен;
- гипертония менен;
- жүрөк кемтиги менен;
- 35 жаштан жогору.
"Эмдөөгө, дары-дармектерге, айрым азык-түлүккө аллергиясы бар, COVID-19 жуккан жана айыккандардын плазмасы менен же моноклоналдык антителолор менен дарыланган, ошондой эле тромбоз жана тромбоцитопения синдрому коркунучу бар кош бойлуу аялдарга эмдөө жасоо болбойт.
Вакцинанын дагы терс таасири болушу мүмкүн. Мисалы дене таптын көтөрүлүшү, 1 же 2 күн бою өзүн жаман сезүү. Азырынча узак мөөнөттүү терс таасирлери али аныктала элек", - дешти штабдан.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жана кесиптик ассоциациялар сыяктуу уюмдар келечектеги кош бойлуулукту пландаштыргандар, өнөкөт оорулары бар кош бойлуу аялдарга кош бойлуулуктун 20-22 аптасынан кийин эмдөөнү сунушташат.