Кыргыздын атактуу актрисасы, сахна ажары, сулуулугу жана таланты менен көздүн жоосун алган театр жана кино жылдызы Таттыбүбү Турсунбаева көзү тирүү болгондо бүгүн, 12-июлда 76 жашка чыкмак.
Таттыбүбү Турсунбаева 1944-жылдын 12-июлунда Нарын облусунун Жумгал районунда төрөлгөн. Чаек айылында орус тилдүү орто мектепте окуган. Ага Таттыбүбү деген атты чоң атасы, ошол мезгилдин белгилүү комузчусу Турсунбай койгон. Атасы Мырзаалы Токтогул Сатылгановдун шакирти болуптур. Ал эми апасы Калыйбүбүнү замандаштары Таттыбүбүдөй ажайып сулуу болгон дешет.
Таттыбүбү Турсунбаева театрда "Кызыл жоолук жалжалым", "Ромео жана Жульетта", "Ай тутулган түндө”, "Байыркы жомок" баштаган көптөгөн спектаклдерде негизги ролдорду ойносо, "Саманчынын жолу", "Ак-Мөөр", "Отко таазим", "Ак куулар конгон айдың көл", "Атадан калган туяк", "Кызыл алма" баштаган ондогон кино тасмаларда башкы ролдорду жараткан.
Соң-Көлдүн чүрөгү аталган Таттыбүбү Турсунбаеванын өмүрү кыска болгон. Ал 1981-жылы 21-декабрда 37 жашында дүйнөдөн кайткан.
Таланттуу актрисага арналган поэзия саптары:
Максат Жангазиев, "Таттыбүбү"
Ак куу дешет далай жандар көркүңдү,
Ай ким билет куулар сүзгөн көлсүңбү?
Көрөр менен кыйын алгач сүрөттөш,
Көзүңдөгү күйүп турган өртүңдү…
Ажарыңа ашык болуп миң жүрөк,
"Ал Күн!" дешет… А жүзүңдө күн жүрөт…
"Ак куу, Күндөн артык Ай!" дейт кээ бирөө,
А сен айдан сулуудурсуң ким билет?
Сыйкыр бардай арбап алып гүл өңү,
Сен сыяктуу Ай да, Күн да күлөбү?
Сулуу деген сендей болот чынында,
Сулуу болгон жүзү дагы жүрөгү…
Кең дүйнөнүн көкүрөгүн жаралап,
Кеттиң эрте "ак булутту аралап".
Сезимдерге өчпөс жалын тутанткан,
Сендей жандар элде сейрек жаралат…
Аттиң мейли келбес күнгө аттанба,
Айландың ээ айтып бүткүс дастанга.
Сулуулуктун символусуң талашкыс,
Суктандырган нурдан артык ак таңда…
Ажарыңа ашык болуп миң жүрөк,
"Ал Күн!" дешет… А жүзүңдө күн жүрөт…
"Ак куу, Күндөн артык Ай!" дейт кээ бирөө,
А сен айдан сулуудурсуң ким билет?
Иманбек Азизилла уулу, "Таттыбүбү, бүтпөйсүң сен ырдалып"
Таппай жүргөн Ай – карып да, Күн – карып,
Таттыбүбү, бүтпөйсүң ов, ырдалып.
Эң биринчи сулуу десе кимдир-бирөө,
Элесиме сен түшөсүң жылмайып...
Ала-Тоого түшүп келген ай белең,
Миллиондон бир жаралган жан белең.
Өзүңдөгү сулуулукту эстетип,
Салам айтып жибересиң таң менен.
Жазындасы бассаң эгер буралып,
Күн баталбай карагандыр кызарып.
Гүлдөй болуп турсаң жайды сүйдүрүп,
Гүлдөр жүзүн жаап алгандыр уялып.
Эриниңден өбөбүз деп балдан бал,
Эрте күздө үзүлгөндүр алмалар.
Кышындасы кайыл болуп сен үчүн,
Жылуу жакка кетпегендир каргалар.
Көрүп калса көчөдөн же жолдон бир,
Көлөкөлөр ээсин унтуп койгондур.
Караңгыда сулуулукка чайынып,
Шамсыз деле үйүң жарык болгондур.
Көз талдырып жылдыз кончу каш-чачың,
Көркүн ачты ата мекен тасмасын.
Бир үй эмес, электрсиз-жарыксыз,
Бир улуттун жарык кылдың сахнасын.
Келген кезде кайып өкүм оңдурбай,
Кеткен элең кырчын кезде кол булгай.
Ажал сени алып кеткен атайын,
Аруулукту карылыкка кор кылбай.
Бейиш эли сени көрүп шашкандыр.
Бейиш өзү сүйүп кучак ачкандыр.
Пери кыздар сага нөөкөр болушуп,
Периштелер чачың тарап жаткандыр.
Сулуулуктун жүгүн баары арта албайт,
Сулуулуктан тагдыр өзү жалтаңдайт.
Картайса да заман өтүп Жер шары,
Бирок сенин сулуулугуң картайбайт.
Картайса да мезгил өтүп бул аалам,
Кыргыз сүйгөн сулуулугуң картайбайт.
Бердибек Жамгырчиев, "Сахнада Таттыбүбү"
Булбулдун какшап боздогон таңкы ыры сен,
Күн тийсе көктө андагы тамган нуру сен.
Кыргызда сулуу экөө бар болсо болгону,
Айныбай айтаар экөөнүн анык бири сен.
Сулуулук чиркин акылга такыр сыйбаган,
Ажалга эмес ооруга дагы кыйбаган
-периште кетти, көмүскө кетти, буркурап-
-ыйлаган турмуш, ыйлаган сахна, ыйлаган…
Жаңылам жок, жок, кеткен жок али периште,
Не болуп жатам кайгыны камап мен ичке.
Күнүмдүк жашоо ансыз да калат күбүлүп,
Төркүнү кептин түбөлүк өлбөс жеңиште.
Өлгөн жок сулуу, жаткан жок азыр мүңкүрөп,
Өлбөстүк ошол, экинчи өмүр күн сүрөт.
Жарашып бүтүн жароокер нурдуу мүнөзү,
Жаз менен кошо гүл ачат дайым бул чүрөк.
Табият чындап жасаган өңдүү эринбей,
Каштарың сенин деңиздин эки жээгиндей.
Каректериңчи, жамгырдын тунук тамчысы,
Кирпигиң болсо төгүлүп турган мээримдей.
Ажалдын жөнү, өмүрдүн жөнү башка да,
Дарактын баркы тамыры менен шакта да.
Биз жашап жүргөн бу турмуш бизге театр,
А демек биздин актрисабыз сахнада…
Жолон Мамытов, "Таттыбүбү Турсунбаеваны эскерип"
Көргөн көрөөр узун өмүр пайдасын,
Бирок айтчы, сен–өлбөстүк, кайдасың?
Зор сахнада ойнотконуң ойноткон
Ажал, талант, убакыттын кармашын.
Өлүм көрөөр сук өлүмдүн пайдасын,
Бирок, айтчы, сен - адилдик, кайдасың?
Жүрөк мыкчып, жүрөк туйду ар мерчем
Турмуш менен сулуулуктун кармашын.
Турган булар каршылаштар сабына
Майдан кезмек жарактарын тагына,
Боло электе ажал ажаан, а талант
Жете электе баралына, табына.
Жуурулушса талант менен сулуулук,
Сезимдерге уялады жылуулук.
Дал ошондон гүлүн, ачып тазалык,
Байкалбастан бүрүн ачты улуулук.
Эсимде жок күн санаты нече эле,
Сулуулукка мен кезиккем кечеде.
Көрүп калып жүрдүм кээде ал өңдүн
Бир жаркылдап баратканын көчөдө.
Көрдүм анан оозго алынып бат гана
Ойноп жаткан ойнун улуу сахнада.
Ыраазычылык билдиришип сан көздөр
Дүркүрөгөн кол чабылып жатты ага.
Жылмаюсун топтоп сүйкүм ууртуна,
Келишимди топтоп бойго, тулкуна,
Бирде болсо Дездемона ай чырай,
Бет келишти бирде болуп Уркуя.
Суктандырып бул сулуулук, ойчулдук,
Баарын шилеп көкүрөккө толтурдук.
Бизге энчиге берилгендей ушул көрк
Канча оюнда жагалданып олтурдук.
Нуру болгон кино менен кеченин,
Шаңы болгон шайыр турмуш көчөнүн,
Ак жылдызды байкабаппыз шум ажал
Шарт деп бир күн колдон жулуп кетээрин.
Жаш тагдырга биз кайдыгер караппыз,
Сулуулукту туш тушунан талаппыз.
Сыймыгыбыз колдон учуп кеткенче
Сыйыбызды, сөзүбүздү аяппыз.
Сыйлык, сыйды убагында алганда
Балким, талант, ташып чыкмак андан да.
Чексиздикке эрте учаарын ким билди
Салып коюп сансыз журтту арманга?
Ойлой калсам зээним кейийт азыр да,
Оо, биз деги качан жеттик кадырга?
Ак денесин "Ала-Арчага" койбостон.
Аттап-буттап алып кеттик адырга.
Ай чырайлуу жумур дене Жоконда
Кыргызымда бир жаралган экен да.
Бир эркелеп бул турмуштун шаңына,
Эл күзгүгө бир каранган экен да!
Рух–суусунду сендей талант өзөндөн
Таттык, бастык жаркын талант-көчөңдөн.
Биз таңдандык тал чыбыктай боюңа,
Дүйүм журттун сулуулугун көтөргөн,
Отуң алоо жүрөктөрдө жагылган,
Элиң эсен оюнуңа агылган.
Сезимдерде кайталанып тураарсың
Улуу тоодон бир жарк эткен чагылган.
Өзүң кетип кайтпастыкка жашынып,
Калды элесиң сезимдерге басылып.
Эрте жазгы байчечекей өңдөнүп
Азга үлбүрөп, азга турган ачылып.
Алып кетти ак жааныңды төктүрбөй,
Ажал сени максатыңа жеткирбей.
Эсте калдың эл тамырын жибитип
Бир көнөктөп куюп өткөн өткүндөй...
12-июлдун жылнаамасы.