23-июлдан 8-августка чейин Японияда өтүүчү Олимпиада оюндарына катыша турган кыргыз спортчуларынын формасы көпчүлүктүн сынына кабылды. Интернет колдонуучулар "Спортчуларыбыз кудалыкка бара жатышабы?", "Уламалар кеңешинин чапаны го...", "Тойго, сахнага кийүүчү кийим болуптур. Өзүбүздүн спорт кийимдери кайда?" жана башка пикирлерин жазышууда.
SUPER.KG порталы талкууга алынган форма тууралуу кыргыз дизайнерлеринин оюн угуп көрдү. Алардын айтымында, спортчулардын параддык кийимин тигүү боюнча сынак өткөрүлгөн эмес. Айрымдары форманы көрө электигин айтышты.
Дизайнер Зухра Мукамбетова: "Форманы көрдүм, өкүнүчтүү. Образ жок, бул кийимдер биздин мамлекеттүүлүгүбүздү билгизбей калган".
Дизайнерлер союзунун мүчөсү Тапаева Мадина: "Форма кызыктай, өзгөчө түстөрү. Менимче, бул кийим аялдарга көбүрөөк ылайыктуу. А бизде көбүнчөсү балбандар да. Алардын бул форманы кийип жүргөнүн элестете албайм. Бирок дизайнер өзү баа бере алат".
Жаш дизайнер-модельер Арзубек Вонама чалдардын формасы деген пикирин айтат. "Ушул форма тигүү дагы сатылып кетти да, тааныш-билиш болуп! Биздин спортчуларга чалдын образынын эмне кереги бар?! Мен формаларды аз убакытта оңдоп бергенге даярмын", - деген ал.
Ал эми кийимдерди тиккен "Дилбар" мода үйүнүн арт-директору Дильбар Ашимбаева "биздин элге эч нерсе жакпайт" дейт. Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Саламат Эргешов бир костюмдун баасы 95 миң сомго чамалаганын айтты.