"Азыр мага катуу басым болуп жатат". Каныбек Осмоналиев кызматтан кетүү арызын жазды

Министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси Каныбек Осмоналиев кызматтан кетүү арызын кечээ, 13-июлда жазды. Бул тууралуу өзүнө байланышканыбызда маалыматты тастыктады.

Мындан тышкары Осмоналиев сиздер аркылуу Садыр Жапаровго кайрылуу жасайм деп төмөнкүлөрдү айтты: "Урматтуу Садыр Нуркожоевич, мен сиз үчүн акылымды, билимимди берип жүргөн кишимин. Кийинки учурларда бийликти Сүйүн Касмамбетовго окшогон адамдарга тарттырып жибердиңиз. Алар сизди түптүз эле элге жаманатты кылып жатат. Мен кечээ арызымды жаздым, анысы аз келгенсип жакшы иштеп жаткан бир тууган инимди Ош облустук губернатору кызматынан кетирдиңер. Андан эки саат өтпөй уулум жумуштан кетти. Бүгүн, 14-июлда 35 жылдан бери иштеп жаткан жубайымды дагы жумуштан кет деп келишиптир.

Азыр мага катуу басым болуп жатат. Фейсбук баракчам дагы өчүрүлдү".

Каныбек Осмоналиевдин "бир тууган инимди Ош облустук губернатор кызматынан кетирди" деп айтканы боюнча министрлер кабинетинин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнө кайрылдык. Министрлер кабинетинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов кызматтан кетпегенин маалымат кызматынан билдиришти.

Президенттик администрациянын маалымат кызматына чалып, Осмоналиевдин "басым болуп жатат" дегени боюнча сураганыбызда комментарий берген жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Dembele84
2021-07-14 13:24:40
Ушул киши тынбады да,иштен айдалса эле бироону жамандап.Озу коруноорлук иш кылбаса
+7
Mirnar
2021-07-14 14:24:22
Озу бардык тармактардан пенсияга чыккандарды кетириш керек, эс алышсында.тытына беришпей! Жаш кадрларга иштегени мункунчулук беруу берет! Ошондо 5% га болсода мигранттардын саны азаймак.
+7
Бектурган
2021-07-14 14:43:43
Кетип жакшы кыласың, кетта эми каарып калсаңда кресло талашпай. Анысы аз келгенсип өлкөнү семейный тоноп аткан экенсиңерда...
+8
Бектурган
2021-07-14 14:44:04
Чоңдордун баарын ушинтип айдаш керек экен...
+8
Nina.alex
2021-07-14 15:02:28
Пенсиясы байлыгы деле жетет болуш керек. Болду да эми
+6
Asmat84
2021-07-14 20:50:59
Бунун деле кеткиси жокго эс алгылачы эми
Азыр башка заман мурунку жегичтер кетип атышат. Кошулуп кете бер эми
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан