Индияда аныкталган коронавирустун "Дельта" деп аталган жаңы түрү башка штаммдардан өпкөнүн тез жабыркашын шарттоо менен айырмаланат. Бул тууралуу биология илимдеринин доктору, АКШнын Жордж Мейсон университетинин системалык биология мектебинин профессору Анча Барановага шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.
"Дарыгерлердин айткандарына караганда, "Дельта" варианты өпкөнүн жабыркашын тез шарттайт. Башкача айтканда, алардын функциясы азыр 2020-жылдын башталышына салыштырмалуу тездик менен төмөндөөдө. Бейтап ооруканага түшөр менен бат эле жандандыруу бөлүмүнө жатып калышы мүмкүн", - деген Баранова.
Баранованын айтымында, молекулярдык жана клеткалык биологиянын көз карашынан алганда окумуштуулар изилдөөлөрдү тездете алышпагандыгынан улам "Дельта" штаммынан өпкөнүн тез жабыркашын негиздей алышпайт. Бирок биолог мунун себеби анча белгилүү эмес коронавирус белокторунун мутациясында деп божомолдогон. "Балким, алты айдан кийин эмне болуп жаткандыгын так аныктайбыз", - деп кошумчалаган ал.