Бүгүнкү күндө катаал климаттык шартта Ооганстандын Памир жергесинде кыргыз боордоштор күн кечирип келишүүдө. Алар эзелтен келе жаткан көчмөн жашоону улап, мал чарбачылыгы менен алектенип, балдары Кыргыз өлкөсүндө билим алып, кайрадан Памирге барып кызмат кылса деген изги максаттар менен жашап келишет.
SUPER.KG порталы Ооганстандагы Памир кыргыздарынын лидери (ханы) Махмуд ажы Турдуахун уулу менен маек куруп, алыста жашап жаткан боордоштор тууралуу маалымат алды.
- Саламатсызбы. Кыргыз өлкөсүнө кош келипсиз. Алгач эле келген максатыңыз жөнүндө айтсаңыз.
- Кыргыз өлкөсүнө келген жөнүм бул жакка Памирден келген кыргыздарды көрүп, абалынан кабар алыш үчүн келдим. Алардын бул жакка келгенине 4 жылга чукулдап калды. Ошолорду көрүп, турмуш-жайы, үйлөрү, жерлери кандай, кандай күн кечирип жатканын көрөйүн деп келип калдым.
Аларды Алайга барып көрдүм. Жакшы үй салып бериптир. Бир нерсе айта кетейин, биз Памирде суук, бийик жерде жашаганбыз. Азыркы Алайдагы кыргыздардын абалы, жашоосу жакшы, бирок аябай суук жер экен. Мен деле өкмөттүн адамдары менен жолугуша алган жокмун. Анча-мынча көргөн кишилерге бизге жылуу жер бергиле дедим. Биз суук жерден келсек, кайра суук жерге жайгаштырып койгону жакшы эмес. Мындан башка Кичи жана Чоң Памир үчүн мамлекеттен кыргыздардын атынан мектеп, оорукана, мугалим, унаа жолу, телефон байланыш үчүн жардам сурадым. Көмөк көрсөтөбүз дешти.
- Памирден келгениңизге канча убакыт болду?
- Бул жакка келгениме бир ай болду. Ысык-Көл, Ошту кыдырып келдим. Алайдагы туугандарга жолуктум.
- Памирдеги боордоштор кандай күн кечирип жатышат? Эмне менен алек болушууда? Жашоо-турмушу тууралуу кенен айтып өтсөңүз.
- Жашаган жерибизде аба ырайы катаал, суук, мектеп, оорукана жок. Ооганстандын жарандыгын алганбыз. Бизге көңүл бурганга Ооганстан мамлекети деле жетише албай жатат. "Талибан" менен согуш жүрүүдө. Алыс жерде жайгашкандыктан биздин өкмөт дагы жетише албай жатат.
Бизде мал чарбачылык менен алектенишет. Дыйканчылык кыла албайбыз. Бизде кой, топоз, эчки, төө бар. Жылкыны минүү үчүн атайын сатып алабыз. Көпчүлүк боз үйдө жашайт. Бир азыраагы топурактан салынган үйлөрдө күн кечирип келишет.
Ооганстандын базарына 2-3 айда бир ат, төө менен келип керек-жарак нерселерди жана азык-түлүктү алып келип алабыз. Ал эми кээ бирде ал жактан соодагерлер Памирге келип соода кылып кетишет.
Чоң койлорду 14-15 миң сом, ал эми топозду 50-80 миң сомго чейин сатабыз. Малдын баасы ар кандай. Бир калыпта болбойт.
Малдын тоюту арбын жерлерге көчүп турабыз. Кышка чөп чаап, малга тоют даярдайбыз. Жазында түз жерлерге корук деп суу жайып коёбуз. Ал жерлерге чөп чыккан заманда 10-15 күн чаап, кышында жайгаша турган жерибизге алып келип, жыйнап коёбуз. Кар калың жааган жылдары малга чөптү беребиз, кээ бир жылдары берилбей калат.
Бир жылда төрт жолу жер которобуз.
Бизде турмушка чыккан кыз көп эмес. Аялдардын саны аз. Доктурдун жоктугунан көз каранды. Төрөттөн көп каза болуп калышат.
Кээ бир ата-энелер кыздарды 15 жашынан турмушка берсе, кай бирлери 20 жашында турмушка узатат. Бизде кыздар өзү каалап турмушка чыкпайт. Ата-энелери каалап берет.
- Кыргыз бийлиги тарабынан акыркы жолу гуманитардык жардам качан жеткирилди эле?
- Акыркы жолу гуманитардык жардам 2020-жылы барды. Быйыл 2021-жылы жардам барган жок. Буга коронавирус себеп болсо, экинчиден Тажикстан менен Кыргыз өлкөсүнүн ортосунда чыккан келишпестик себеп болууда. Мен дагы Памирдеги кыргыздарга үзгүлтүксүз жардам кылууну сурандым. Жардам беребиз деп сөз беришти.
- Мүмкүнчүлүк болсо Кыргыз өлкөсүнө келүү максатыңыздар барбы?
- Биздин балдарыбыз бул жакка келип окуса, өзүбүздөн мугалим, доктур чыкса деген ойлорубуз бар. Бизде бир жолу Кыргыз өлкөсүнө көчүп келсекпи деген ойлорубуз бар. Бирок ал жакта жүз жылдан бери ата-бабаларыбыз жашап келген. Ал үчүн биз деле Памирди таштап келе албайбыз. Аздыр-көптүр малыбыз, короо-жайыбыз бар. Атаңдын көрү барбы дегендей атабыздын көрү (мүрзөсү) бар. Балдарды, жаштарды өткөрсөк. Алар билим алып кайрадан Памирге барып кызмат кылса, алардын кызматын көрсөк деген ой-максаттарыбыз бар.
- Памирде жашаган кыргыздардын жалпы саны канча?
- Улуу жана Кичи Памирди кошкондо жалпы 1580 киши, 401 үй-бүлө күн кечирип келүүдө.
- Балдар мектепке барышабы? Кантип билим алышууда?
- Ал жакта эми Кичи Памирде эки, Улуу Памирде бир мектеп бар. Ал жакка Ооганстан мамлекетинен мугалимдер барат. Анда 3 ай, кээ бирде 2 ай балдар фарсы тилинде окуйт. Жердин алыстыгынан кээ бирде мугалимдер бара албай калат. Акыркы 2 жылдан бери пандемияга байланыштуу мугалимдер бара албай жатат. Балдар жакшы окуй албай калууда.
- Памирде телефон байланышы тартабы?
- Интернет, телефон байланышы тартпайт. Кичи Памирде Тажикстанга жакын жайгашкан 2 айылда бир аз байланыш бар. Калган аймактарда байланыш жок.
- Дүйнөдө болуп жаткан жаңылыктардан кандай жолдор менен кабардар болуп турасыздар?
- Телефон тартпайт, бирок телевизор (спутник антенасы менен) бар. Ошондон ЭЛТР каналы тартат. Ошондон көрүп турабыз.
- Памирде жашаган кыргыздар Тажикстандын чек арасына кирип кетти деген маалыматтар чыгып жатат. Бул боюнча эмнелерди айта аласыз?
- Бул боюнча бизде азырынча так маалымат жок.
- Ооганстанда "Талибан" кыймылы тынчын алууда. Мындай жагдайда кыргыздарга кыйыр таасирлери тийбей элеби?
- Жок, бизге алардын эч кандай таасирлери тийбей эле. Биз кыргыз жөн жүргөн элбиз. Ооганстанга пайдабыз тийсе дагы, зыяныбыз тийбейт. "Талибан" кыймылына пайдабыз дагы, зыяныбыз дагы жок.
- Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз! Ак жол каалайбыз!