Өлкөдө сутка ичинде коронавирус инфекциясына карата эмдөөдөн жалпы 58 миң 398 адам өттү. Мындай маалыматты республикалык штабдан кабарлады.
Эмдөө алгандардын ичинен:
Бишкек шаарында - 1733;
Ош шаарында - 754;
Ош облусунда - 43015;
Чүй облусунда - 1519;
Ысык-Көл облусунда - 3402;
Талас облусунда - 1012;
Нарын облусунда - 2005;
Жалал-Абад облусунда - 2991;
Баткен облусунда - 1967.
"Мындай жыйынтык медицина кызматкерлеринин ыктыярчылар менен тыгыз кызматташтыгынын натыйжасында жүзөгө ашырылууда", - деп билдиришти республикалык штабдан.
Буга чейин республикалык штаб сутка ичинде өлкө боюнча жалпы 21 миң 120 адам эмдөөдөн өткөнүн кабарлаган эле.