7-апрелге карата коменданттык саат киргизилген аймактарда ички иштер органдары тарабынан эреже бузган 94 жаран кармалды. Ал эми Ошто өткөн сутка аралыгында коменданттык саатты бузгандыгы үчүн 10 жаран кармалды. Мыйзамга ылайык, 10 жаранга тең 3 000 сом өлчөмүндө айып салынды. Ошондой эле 2 айдоочуга биринчиден коменданттык саатты бузгандыгы үчүн 3 000 сом айып, экинчиден мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн 17 000 сомдон айып салынды. Ал эми жалпы облус боюнча оор кылмыш иштери катталган жок.
Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде Ноокат районунун акими Давранбек Маматалиев менен Кара-Суу районунун акими Тилекбек Матраимов онлайн маалымат жыйында билдиришти.
Суроо: Кара-Суу районундагы ооруканада лаборант болуп иштейм. Үйгө барып келип иштейм, бизге коргоочу костюм алып берсеңиз, балдарыма жугуп калабы деп чоочулап жатам.
Жооп: Тилекбек Матраимов: "Бүгүнкү күндө дарыгерлерди ташуу маселеси каралган. Медицина кызматкерлерине бир жолу колдонулуучу каражаттар берилген. Эгер көп жолку костюм керек болсо тиешелүү жардам бергенге даярбыз".
Суроо: Жаңы Ноокатта канча киши коронавирус менен жабыркап жатат? Гуманитардык жардам берилеби?
Жооп: Канча киши коронавирус менен жабыркап жатканы боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымат берет. Ал эми гуманитардык жардам берилип жатат.
Суроо: Кара-Суу районундагы Нариман айылында таза суу жок. Суу маселеси чечилеби?
Жооп: Суу маселеси бүгүн, 7-апрелде эртең менен чечилип, таза суу бериле баштады.
"Бир жаран илдетти жуктуруу беренеси менен кармалды, аны текшерүүгө алганда коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Тилекке каршы, ал ооруганын жашырып, эч кимге айтпастан туугандары, теңтуштары жана ишканасындагы кесиптештери менен байланышта болгон. Азыр ал жаран обсервациядагы изоляторго алынды. Жакшы болуп чыгаары менен 5 жылга чейин эркинен ажыратылат", - дешти Ноокат районунун акими Давранбек Маматалиев менен Кара-Суу районунун акими Тилекбек Матраимов.
"Биринчиден Ноокаттын тургундарына рахмат! Тартипти бузбай, эрежелерди сактап жатышат. Ал эми айылдарда азык-түлүктүн жетишсиздиги байкала элек. Күнү-түнү текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат, дарыгерлерди жумушка жеткирүү үчүн унаалар каралган.
Азыркы тапта айдоо иштери башталды. Биз тараптан тиешелүү техникалар дайындалып, жерлерди айдоо өз убагында ишке ашырылып жатат", - дейт Ноокат районунун акими.
Коменданттык саат убагында жана өзгөчө абал киргизилген жерлерде мыйзам бузгандарга 10 күн бою жөн гана эскертүүлөр берилип келген. 2020-жылдын 3-апрелинде чыккан жаңы мыйзамдын негизинде жалган маалымат тараткан адамдардын айрымдарына 5 миң сомдон айып пул салынды.
"Кара-Суу району боюнча 8 блокпост уюштурулуп, сирена менен калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Мындан тышкары айылдардагы дүкөндөргө ундар жеткирилип жатат", - дейт аким.
Учурда жер-жерлердеги жазгы талаа иштери жүргүзүп жатканын, пахта, жүгөрүлөр эгилип жатканын кошумчалады аким.