Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушту. Анын жүрүшүндө учурдагы социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий маселелер, ошондой эле парламенттин кароосунда турган актуалдуу мыйзам долбоорлору боюнча пикир алмашуу болду.
Президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашкандай, Садыр Жапаров өлкөнүн саясий жана коомдук турмушундагы Жогорку Кеңештин маанилүү ролун белгиледи.
Ал бардык күчтү мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу системасын курууга багыттоо зарылдыгын белгиледи.
Садыр Жапаров жарандардын мамлекеттик бийлик институттарына жана мыйзамдуулук үстөмдүгү принциптерине болгон ишенимин бекемдөөнүн маанисине көңүл бурду.
Өлкө башчы парламенттин бийликтин бардык бутактары менен катар эле ар кандай социалдык-экономикалык маселелерди, анын ичинде коронавирус пандемиясынын кесепеттеринен улам келип чыккан маселелерди тез арада чечүү боюнча консолидацияланган иш жүргүзүшү керектигин белгиледи.
Буга чейин президенттин Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугары кабарланган.