Кытай Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) коронавирус илдети боюнча изилдөөсүнүн жаңы этабына катышуудан баш тартууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Буга чейин ДССУ коронавирус чыккан Кытайдын Ухань шаарынын лабораториясындагы маалыматтарды кайрадан изилдөөнү талап кылып жаткан. ДССУ өкүлдөрү вирус Кытай лабораторияларынан чыккан деген пикир эң төмөн ыктымалдык экендигин айтышууда.
Ал эми Кытайдын саламаттыкты сактоо министринин орун басары ДССУнун мындай сунушу таң калтырганын жана мындай нерсе Кытайдагы лабораториялардагы протоколдорду бузарын белгилеп, муну илимге каршы текебердик деп баалады. Ошондой эле изилдөөдө Кытай кабылдабай турган айрым деталдар бар экенин жана вирусту изилдөө үчүн Кытайдын да жеке сунуштары бар экенин кошумчалады.
"ДССУ саясий оюндардан кутулуп, Ковид-19 изилдөөсүн илимий негизде жүргүзөт деп үмүттөнөбүз. Аны менен бирге кытайлык изилдөөчүлөрдүн да сунуштарына олуттуу мамиле кылып, карап көрөт деген ишеничтебиз", - деди министрдин орун басары.
ДССУнун президенти Тедрос Аданом Гебреисус өз кайрылуусунда Кытайды чогуу иштешүүгө чакырды. Ошондой эле изилдөөлөргө каршы ачык мамиле кылууга жана изилдөөнүн биринчи этабында берилбеген лаборатория маалыматтарын бөлүшүүгө үндөдү.
Ал ортодо АКШ Кытайды изилдөөлөргө тоскоол болуп жатат деп айыптады. Ошондой эле мындай изилдөөлөр келечекте болушу мүмкүн болгон пандемиялардын алдын алуу үчүн абдан маанилүү экендигин айтып, азыр минтип тоскоолдук жарата турган учур эмес экендигин кошумчалады.