Бишкек шаарындагы эксперименттик тез курулуучу жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу аяктап калды (фото)

Бишкек шаарындагы эксперименттик тез курулуучу жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу аяктоодо. Маалымат республикалык штаб тарабынан белгилүү болду.

"Бул 100 орунга ылайыкталган объекттин курулушу июль айында башталган. Объекттерди каржылоо региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду тарабынан жүргүзүлүп, 67 миллион 500 миң сом каржыланды".


Азыркы мезгилде 4 блоктон турган объекттин курулушу бүтүү алдында турат. Подряддык уюм тарабынан төмөндөгү жумуштар жасалды:

* имараттын чатыры жабылды, потолоктор жылууланды, полдор бетондолуп бүттү, ички дубалдар гипсокартон менен чапталып, жасалгалоо жумуштары бүткөрүлдү, эшиктер жана терезелер орнотулду, сырткы дубалдар профнастил менен чапталды, сырткы тепкичтердин тосмо дубалдарынын бетон жумуштары аягына чыкты.

* желдетүү каналдары, сигнализация тармагы, ичүүчү суу түтүктөрү, канализация түтүктөрү орнотулду жана электрмонтаждоо жумуштары бүткөрүлдү.

* азыркы учурда оорукананы жууп, тазалоо жана аянтын көрктөндүрүү боюнча жумуштар бүткөрүү алдында турат. Андан тышкары эмеректер орнотулууда жана жакынкы арада медициналык жабдуулар алынып келүүсү күтүлүүдө.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан