Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун генералы (КСИР) Насир Шаабани коронавирустан каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Шаабани Йеменде ирандык аскер кампаниясын жетектеп, 37 жылдан жогору иштеген. Каза болор алдында ал отставкада болгон же болбогону тактала элек. "Шаабани КСИРдеги эң тажрыйбалуу командирлердин бири болчу", - деп эскерет Tasnim агенттиги.
Эске салсак, Иран коронавирус жуктурган өлкөлөрдүн арасында 3-орунга чыккан. Ошондой эле Ирандагы көп чиновниктер коронавируска кабылып, Ирандын Ватикандагы мурунку элчиси Хади Хосрошахи каза болгону жазылган.