Кыргыз суучулу Денис Петрашов "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында 100 метр аралыкта брасс стилиндеги сууда сүзүүсүн жыйынтыктады.
Петрашов брасс стилинде сууда сүзүүдө 100 метр аралыкты 1 мүнөт 23 миллисекундада сүзүп өтүп, 8 спортчунун ичинен 3-орунда келген. Бирок бул аралыкта жарым финалга эң жакшы убактысы бар 16 спортчу чыкты. Тизмедеги эң акыркы болуп жарым финалга чыккан спортчунун убактысы 59 секунд 83 миллисекунданы түздү.
Муну менен кыргыз суучулу Олимпиадада 100 метр аралыкта брасс стилинде сүзүүнүн жарым финалына өтпөй, ушул аралыкта катышкан 49 спортчунун ичинен 27-орунду ээлеп, жүрүшүн токтотту.
Эми Петрашов 27-июль күнү 200 метр аралыкка брасс стилинде сууда сүзүүгө катышат.
Денис Петрашов Олимпиада оюндарынын ачылыш аземиндеги парадда Кыргыз өлкөсүнүн желегин көтөрүп чыккан.