Жол кырсыгына кабылган Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова жандандыруу бөлүмүндө экендигин өздүк булактар билдиришкен. Бул боюнча Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине байланышканыбызда ырчынын абалы туруктуу экени белгилүү болду.
"1991-жылы туулган К.С.нын диагнозу: баш мээнин чайкалуусу, көкүрөк тушундагы омуртканын сынышы, абалы туруктуу", - деди министрликтин маалымат кызматы.
Маалыматка ылайык, Самара Каримова жолдошу Асан Мансуров, Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев жана дагы 2 жүргүнчү менен Оштон Бишкек шаарына келе жатышканда жол кырсыгына кабылышкан. Буга чейин Самара Каримованын жол кырсыгына кабылганы маалымдалып, муну жолдошу Асан Мансуров тастыктап, абалдары жакшы экенин билдирген.