Биз социалдык тармакта

Оштогу соттук-медициналык борбордо 6 миллион сом кымырылганы айтылууда

Ош облустук Соттук-медициналык экспертиза борборунда 6 миллион 43 миң 812 сом мыйзамсыз кымырылганы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, борбордун жооптуу кызматкерлери 2025-2026-жылдары мекеменин чыгымдарына бөлүнгөн акчаны кызматка жумшалган деген негизде жеке жактардын банктык эсептерине которуп турушкан. Кийин ал каражаттар кайрадан кызмат адамдарынын жеке эсептерине которулган. Мындан тышкары, аларга ар кандай кенемте төлөмдөрү мыйзамсыз чегерилген.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш иши козголду.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан