Кечээ, 18-ноябрда соцтармакта Ош шаарындагы эл аралык аэропортто милиция кызматкерлери жоолук салынган аялга протокол түзүү үчүн бөлүмгө алып бара жатканда, анын баласы каршылык көрсөткөн видео тарады.
Бул окуя боюнча бүгүн, 19-ноябрда Ош облустук ички иштер башкармалыгы маалымат берди.
Маалыматка ылайык, окуя 17-ноябрда болгон. Аэропортто жүзүн толук жаап жүргөн аял милиция бөлүмүнө жеткирилип, ага түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Андан соң ага карата укук бузуу жөнүндө протокол түзүлүп, айып пул салынган.
Ошондой эле видеону тартып жаткан жаранга бир нече жолу эскертүү берилгенине карабай, ал милиция кызматкерлеринин ишине тоскоолдук жараткандыгы кошумчаланды.
Учурда кызматкерлердин аракетине байланыштуу кызматтык иликтөө жүрүп жатат.
Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 127-1-беренесине ылайык, мамлекеттик бийлик органдарынын мекемелеринде жана коомдук жайларда адамдын жүзүн толук жаап жүрүүсүнө тыюу салынат. Бул талап медициналык көрсөтмөлөргө, кызматтык милдеттерди аткарууга, спорттук, маданий жана башка коомдук иш-чараларга тиешелүү учурларда колдонулбайт. Эрежени бузгандарга 20 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат.