2026-жылдын январь-октябрь айларында Кепилдик фонду 711 кепилдик берип, жарандардын 2,69 миллиард сомдук турак жай жана унаа сатып алуу үчүн насыя алуусуна шарт түзгөндүгүн билдирди.
Маалым болгондой, кепилдиктердин жалпы суммасы 623,9 миллион сомду түздү.
"Келечек" программасы боюнча 395 кепилдик берилип, жалпы суммасы 489 миллион сом болду. Алардын жардамы менен 2,06 миллиард сомдук турак жай насыялары берилди. Ал эми "Унаа" программасы боюнча 316 кепилдик берилип, 135 миллион сомду түздү. Натыйжада 636,6 миллион сомдук унаа сатып алуу насыялары берилди. Эки программа 2025-жылы ишке кирген. Ошондон бери фонд 808,7 миллион сомдук 970 кепилдик берип, 3,47 миллиард сомдук насыялардын берилишине шарт түздү",- деп айтылды маалыматта.