Коронавирус: өндүрүүчүлөр вакцинага болгон бааны жогорулатышууда

Коронавируска каршы Pfizer жана Moderna вакциналарынын өндүрүүчүлөрү Евро Биримдиктин курамындагы өлкөлөр үчүн вакцинанын баасын жогорулатты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, Pfizer вакцинасын өндүргөн компания вакцинанын бир дозасын 15,5 евродон 19,5 еврого, ал эми Moderna'нын өндүрүүчүлөрү 22,6 доллардан 25,5 долларга чейин көтөргөн. Азырынча аталган компаниялардын өкүлдөрү баанын жогорулашы тууралуу эч кандай пикир билдире элек.

Буга чейин европалык комиссия ушул жайдын аягына чейин Евро Биримдиктин курамындагы өлкөлөрдүн калкынын 70 пайызына эмдөө керектигин билдирген.

Белгилей кетсек, Pfizer жана Moderna вакциналары коронавирус илдетине каршы америкалык биотехнологиялык жана фармацевтикалык компаниялар тарабынан чыгарыла баштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан