Өлкөгө Sinopharm вакцинасынын 1 миллиондон ашуун дозасы жеткирилди

Республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынган 1 миллион 250 миң доза өлчөмүндөгү Sinopharm кытай вакцинасынын жаңы партиясы өлкөгө жеткирилди.

Министрлер кабинети Кытай мамлекетине COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө, ошондой эле вакцина сатып алуу маселесинде көрсөтүлүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдирет.

Министрлер кабинети жарандарды өзүн жана жакын адамдарын сактап, эмдөөдөн өтүүгө чакырат.

Белгилей кетсек, ушул жылдын июль айынын башында республиканын жетекчилигинин тапшырмасы боюнча, 1 миллион 100 миң доза кытай вакцинасы сатып алынган. Жалпысынан 2 миллион 350 миң дозадагы вакцина республикалык бюджеттин эсебинен алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан