Бүгүн, 5-август күнү Токио шаарында өтүп жаткан XXXII жайкы Олимпиада оюндарында кыргыз балбаны Айаал Лазарев килем үстүнө чыгат.
Кыргыз балбаны Олимпиадага эркин күрөш боюнча 125 килограмм салмакта катышат жана алгачкы жүрүшүндө америкалык Дэн Гейбл Стивенсон аттуу балбан менен кез келет. Бул салмак категорияда Олимпиадага жалпы 16 балбан катышууда.
Айаал Лазарев килемге Бишкек убактысы боюнча саат 08:30да чыгат.