Учурда социалдык тармакта Ибрагим Давлатов аттуу колдонуучу министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарында эски автоунаага түшүп кетип жатканын жарыялады.
Видеодо көрүнгөндөй, Улукбек Мариповдун иш сапары учурунда жергиликтүү тургундар өкмөт башчыга эски Ауди унаасына отуруп, жолдор менен таанышууну суранган.
Тургундар мындай жол менен өкмөт башчысына айылдагы эскилиги жеткен жолдорду көрсөтүп, элдин көйгөйү менен жакындан тааныштыргысы келишкендигин айтышкан.