"Кымбатчылык айыл элин тамыр казып болсо да жан багууга аргасыз кылып жатат". Эл издеген эндик чөп тууралуу маалыматтар

Кыргыз өлкөсүндө акыркы 3 жылдан бери эндик өсүмдүгүн массалык түрдө казып сатуу токтобой жатканы айтылып келет. Аталган өсүмдүктү көп өлчөмдө казуу иштери өзгөчө Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустарынын бир катар аймактарында жыл сайын кайталанып жатканы маалым. Буга чейин интернет айдыңында эндик казылган тоо беттеринин сүрөттөрү тарап, аталган өсүмдүктү массалык түрдө казуунун экологияга тийгизген таасири туурасында макалалар жарыяланып, көптөгөн социалдык тармактардын колдонуучуларынын нааразы пикирлерин жаратып келген эле. Анткен менен бул ишке тиешелүү мекемелер тарабынан керектүү чаралар көрүлбөй, кош көңүл мамиле жасалып келүүдө.

Эндик (Macrotomia) - көп жылдык катуу түктүү чөп. Тамыры жоон, тик, кыпкызыл боёктуу. Тамырлаш жалбырактары да, сабагы да көп. Гүлү тыгыз жайгашып, тогологураак топ гүлдү түзөт. Гүл коргону беш бөлүктүү, гүлү туура түзүлүштүү, желекчеси түтүкчөлүү. Мөмөсү - жаңгакча. Орто Азияда жана Кавказда 4 түрү бар, анын үчөө Кыргыз өлкөсүндө өсөт. Боёочу эндик республиканын тоолорунун таштак беттеринде, аска-зоолордун жаракаларында кенен таралган. Угам Эндики Талас, бозомук Эндик Алай тоо кыркаларында өсөт. Кыргыздар эзелтеден эле Эндиктин куйрук май, кымыз кошуп ачытылган тамырын косметикалык каражат катары колдонушкан.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, эндиктин баасы килограммы 450-500 сомдун тегерегинде.

Мындан тышкары өлкөдө соода-сатык жүргүзүүчү тиркемелерде "эндик тамыр алам", "Эндик тамыр сатып алам жакшы баада" деген жарнамалар чыгып келерин көрдүк.

Эндик тууралуу социалдык тармактын колдонуучуларынын пикирлери:

"Киргизбегиле, алар казып кеткенден кийин мал эмнени жейт. Талкалаганга эле кыйынбыз".

"Чөптү иши, акчасы жоктор казып жатышса керек. Ошону дагы бир бай же чиновник алып жатса керек".

"Ушундай кыйынчылыкта кыйналган эл казса, каза беришсин. Бул чөптү мал да жебейт. Биздин чоңдорубуз мындан башка нерселерибизди жеп, сатып жатышат. Карапайым элге келгенде эле чыга келишет".

"Кыргыздар саткан боюнча биринчи орунда турабыз".

"Биздин кичинекей кезибизде апам бул тамырдан кымыз кошуп помада жасап берчү. Косметикага колдонушат болуш керек".

Буга чейин SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Сары-Ой жайлоосунда эндик чөбү массалык түрдө казылып жатат деп кайрылган.

Башка дагы кайсы аймактарда эндиктин тамырын казуу иштери жүрүүдө?

"Эндик чөбү Суусамыр өрөөнүндө акыркы 2 жылдан бери казылып келет. Айыл эли наркы жогору болгон эндик тамыр туурасында башкалардан угуп, казып башташкан. Алгач аталган чөптүн 1 килограммы 300 сомдон алынып жатса, быйыл бул баа 500 сомго чейин жогорулаган. Айылдагы жумушсуздук көйгөйү, анын үстүнө пандемиядан кийин жаралган кымбатчылык маселеси айыл элин тамыр казып болсо да жан багууга аргасыз кылып жатат", - дейт жергиликтүү жашоочулардын бири.

Ошондой эле, азык-түлүк, бензин жана башка нерселердин баары кымбаттап, тескерисинче айыл элинин негизги киреше булагы болгон малдын арзандап кетиши да эндик терип сатууга аргасыз кылып жатканын кошумчалады жергиликтүүлөр.

"Бизде эндик терүү деген нерсе өткөн жылдан бери башталды. Айрыкча, былтыр карантин учурунда дал ушул эндик тамыр элдин ар кандай чыгымдарын жана карыздарын жаап кетти. Башкача айтканда, элдин абалын кыйла турукташтырды.
Ал эми, экологиялык жактан алып караганда, ооба, көйгөйлөр бар. Себеби, эндикти канчалык этияттык менен казып алганга аракет кылбайлы, баары бир кыртыш омкорулуп, ойдуңдар калып кала берет. Тилекке каршы, эндик толук тамыры менен жулунгандыктан кайра өспөй калат экен. Кейиткени ушул нерсе. Бирок, айла жок. Баары келип эле көр оокатка такалат. Эл дагы атайылап кылып жатат дегенден алыспыз", - деди айыл тургуну.

Жумушсуздук өкүм сүргөн айыл жергесинде эндик казып сатуу карапайым эл үчүн жакшы киреше булагы болуп жатканы менен кандай гана өсүмдүк болбосун массалык түрдө казуу жаратылышка олуттуу зыяндарды алып келери анык. Эң жөнөкөй эле мисал катары бири-бири менен тыгыз байланышта жашоо өткөргөн табиятта бир эле өсүмдүктүн жоголушу анын тегерегиндеги бир канча өсүмдүктү зыянга учуратарын адистер белгилеп келишет. Ошондой эле көп жылдап калыптанган жер кыртыш омкорулуп, эрозияга алып келерин белгилешет. Айрымдар ансыз да малдын саны көбөйүп, жайыттар мал туягынан тепселип бузулуп жатканда, эми минтип ага эндик казуу ага кошулду деп бидиришүүдө.

Ал эми Суусамыр айыл аймагынын башчысы Максат Сейткулов эндикти казып сатып жаткандардын ишине бөгөт коюуда оозеки түшүндүрүү иштери менен гана чектелип жатышканын айтты. Ага себеп анык фактынын жоктугу жана карапайым элдин эндик азууга каршы нааразычылык билдирбегени.
"Азырынча катаал чараларды деле көрө элекпиз. Себеби, Нарын же башка аймактарга салышытырмалуу бизде эндиктин көлөмү азыраак. Жергиликтүүлөр да эндик казууга анчалык деле каршылык билдире элек. Мындан улам, биз эндикти массалык түрдө казуунун зыяндарын түшүндүрүү менен гана иш алып барып жатабыз", - деди Максат Сейткулов.
Ошондой эле, азыркыга чейин эндикти казып же сатып жаткандарды иш үстүнөн кармай электигин кошумчалады. Муну менен катар жайыт комитетинин башчысына аталган тамыр казылып жаткан жайлоолорго көзөмөл жүргүзүү тапшырмасын берип жөнөткөндүгүн белгиледи.
Аталган маселе боюнча Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын биоресурстарды коргоо бөлүмүнүн башкы инспектору Тилек Кыргызбаевге байланышканыбызда, төмөнкүлөрдү билдирди.
"Дарычылык касиети бар өсүмдүктөрдү чогултуп алууда атайын лицензия алышат. Бирок анын өлчөмү болот.
Биздин жер-жерлерде атайын инспекторлор бар. Алар рейддерге чыгып, текшерип турушат. Мыйзамсыз чөптү казып жатып кармалгандарга 5 миң 500 сом айып пул салынат. Былтыркы жылы жер-жерлерде кармалгандар болгон.
Бизде бир райондо бир эле инспектор болот. Алар колунан келишинче карап жатышат. Бирок аларды кармоо кыйын", - деп билдирди Тилек Кыргызбаев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nazira...
2021-08-06 22:47:57
Кытайлар бул чөптөн эмне жасашат экен ээ. Гавар дегенди да түрктөр алчы эле, ал го горох болчү, бул тамыр экен чөптүн баары жок болуп кетет го.
+2
Jaraisyn
2021-08-07 01:42:34
Ошол кудум завод фабрикаларыбызга окшоп жаратылышыбызды да казып жок кылгыла эми. Кымбатчылыктан да бир күн кутулабыз буюрса, шүгүр кылууну, сабыр кылууну үйрөнөлү туугандар.
+8
Zumrudianka
2021-08-07 07:42:51
Jaraisyn,+ барам деп - басылып кетти. Ооба туура сабыр кылууну уйронолу. Акча учун баарын сатпай. Эл токтобойт всё равно, сессияда которуш керек бул теманы
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан