"Бунт", "Кайнене", "Супер келиндер", "Кыялкэштер" жана башка тасмалардагы ролдору менен таанылган актриса Динара Багышбаева турмуш жолуна аттанды. Тагыраагы, актрисанын кыз узатуу тою Оштогу тойканалардын биринде өтүүдө.
Буга чейин Динара Багышбаева менен байланышканыбызда, Токтогул жергесине келин болорун айткан.
Актриса 1992-жылы Ош шаарында төрөлгөн. Ал алгач "Тамашоуго" "No name" командасынын катарында катышып, кийин тасма, клиптерде образ жарата баштаган.