Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында сойкукана иштеткенге шектүү аял кармалды. Маалыматты Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Алдын ала түшкөн маалыматтын негизинде 4-август күнү Кызыл-Кыя шаарындагы өзү жашаган үйдүн мончосуна сойкулук менен алектенүү үчүн көмүскө жайларды уюштургандыгы үчүн 33 жаштагы аял аныкталып кармалды.
Бул аялдын турак үйүн текшерген учурда Ош, Кызыл-Кыя шаарынын 5 тургуну сойкулук менен алектенгендиги белгилүү болду.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 167-беренесинин (сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Кызыл-Кыя шаарынын 33 жаштагы тургуну убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда", - дешти мекемеден.