Сүйүктүүсү колун сураган Толгонай Арзыкеева: "Макул" деп эле туруп калдым, күтүүсүз болду"

Ырчы, актриса Толгонай Арзыкееванын сүйүктүүсү Нурсултан Төлепберген колун сурады. Жүрөк толкуткан видео менен Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бөлүштү.

Толгонай Арзыкееваны куттуктап байланышканыбызда толкунданган ырчы буларга токтолду.

"Мен Ысык-Көлдө жүргөм. Режиссёр Радик Эшимов менен жубайы жарнамалык съёмка бар деп чакырышкан. Көлдөн Бишкекке келип, съёмка боло турган жерге бардым. Барсам режиссёр, оператор жүрүптүр. Көйнөктөрдү да даярдап коюшуптур. Эч нерсе байкалган жок. Эки, үч кадрдан кийин эле электр жарыгы өчүрүлүп экрандан клип көрсөтүлдү. Андан кийин колумду сурады, жигитимдин достору куттуктап жатышты. Мен "макул, макул" деп эле туруп калдым. Чынында күтүүсүз болду. Эч кимге айта элекмин", - дейт ал.

Ал эми ырчынын үй-бүлөсү кубанычтуу кабарды уга элек. Бул туурасында Толгонай Арзыкееванын апасы менен сүйлөшкөнүбүздө белгилүү болду.

"Биз Таластабыз. Кызым эки күн мурда Бишкекке кеткен. Жигити колун сураганын кызымдын өзүнөн расмий уга элекпиз. Анын тандоосун сыйлайбыз, 3 жылдан бери сүйлөшүп жүрүшөт. Толгонай 23 жашка чыкты, турмушка чыгууга эң ыңгайлуу мезгили", - деди апасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Dembele84
2021-08-09 23:07:13
Нормальныйыраак кадр тандабапсынар,алжайган чон эле катынга окшоп калыптырго ырчынар.
-9
ayzhan12
2021-08-10 00:52:28
Бактылуу бол Толгонай. Сенин сулуулугуң уникалдуу, сүйкүмдүү болгондуктан, ар бир сүрөтчү сизден сүрөт тартууга кызыктар.Ар бир кыз сулуу, сүйкүмдүү болууга милдетүү. Анткени табияттын мыйзамы ушундай. Өзгөчө жылмайганда эң сонун жылмаюу сенде бар. Терең жана эң таасирдүү көздөр сеники. Өзгөчө чач жасалгаң өзүнчө бир көрк берип, сулуулугуңду арттырып, көңүл бурдурбай койбойт.
-5
Apyn8793
2021-08-10 02:28:17
Кайран кана жаштыгым ай! Жашыраак кезим болгондо озум эле алмак элем. Бактылуу бол карындаш.
-5
Gulina90
2021-08-10 08:46:52
Жакшы экен эрге тийип бактылуу болуп жашасын,жигити ошондо казак болуп калабы.
0
bond02
2021-08-10 09:52:14
Суротто экоо тен эркек го.
-4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан