Былтыр компенсация албай калган 200дөн ашык медицина кызматкерине акы төлөндү

Былтыркы жылы коронавирус илдетинен каза болгон медицина кызматкерлеринин жакындарына жана аталган илдетти жуктуруп алган кызматкерлерге компенсация төлөнүп берилери каралган. 2020-жылы министрликке кызматкерлерден 3 миң 89 арыздар, документтер келип түшкөн. Алардын арасынан 1117сине төлөнүп берилсин деген чечим кабыл алынган. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев жергиликтүү басылмалардын бирине маек берип жатып билдирди.

"2020-жылы 31-декабрга карата каза болгон медицина кызматкерлеринин жакындарына 32 үй-бүлөгө 1 миллион сомдон акы төлөндү. 925 медицина кызматкерлерине 200 миң сомдон берилди.

Жыл жыйынтыгында 212 кызматкерлерге компенсация төлөнбөй калган. Алардын ичинен 208ине быйыл кошумча акы (200 миң сомдон) төлөнүп берилди. Мындан тышкары каза болгон медицина кызматкеринин жакындарына бир үй-бүлөгө 1 миллион сом берилди", - деп билдирди министрдин орун басары.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан