"Бакча гүлдөрү бар жаркыраган гүлзарлар баарына жагымдуу. Бул жерде кылдат тигилген петуния, астер, пион жана башка гүлдөрдүн жаркыраган түрүнө суктана аласыз.

Эң кызыгы, үй тургундары өз милдеттерин бөлүшүп, өз тилкелеринде чогуу иштешет: алар бак тигишет, экологиялык жактан таза тосмолорду курушат, отургучтарды сырдашат жана башка көптөгөн иштерди жасашат.

Октябрь районунун негизги байлыгы, анын андан ары өнүгүүсүнүн кепилдиги - позитивдүү энергияга ээ болгон тургундар. Алар асыл иштери менен жүрөккө жакын болгон шаарыбыздын бурчтарына кам көрүшөт. Биз активдүү жана сүйүктүү жарандарыбызга ыраазычылык билдиребиз", - деп айтылат маалыматта.