"Жебе" тобунун мурдагы солисти, ырчы Минур Алтынбеков менен жубайы Жазгүл Абылбекова кырк жылкылуу болуп кубанып турган чагы. Төрөтканадан кызы менен жубайын үйүнө алып чыккан ырчы 13-августта кыздуу болду.
"Эне, баланын акыбалы жакшы. Кыздуу болуп сүйүнүп жатабыз. Кыз деген башкача болот экен, назик, алсыз... катуу кармап албайын деп аяп турат экенсиң, айтор. Наристеге Алиана деген ысым ыйгардык", - дейт ал.
Ымыркайдын бою 55 сантиметр, салмагы 3 килограмм 730 грамм болду.
Минур Алтынбеков сүйүктүүсү Жазгүл айым менен 2018-жылдын сентябрь айында баш кошкон. Түгөйлөр 2019-жылы 21-июлда Алихан аттуу уулдуу болушкан.