"Көп китеп окудум". Дамирбек Асылбек уулу абакта отурганда эмне менен алектенгенин айтып берди

Экс-депутат Дамирбек Асылбек уулу абакта жатканда көп китеп окуп, спорт менен машыгып жатканын SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбооруна келип берген маегинде айтып берди.

"Убакыт көп болду. Ойлондум, спорт менен машыктым, китеп окудум. Ал жакта телефон, интернет деген жок болду. Башында 4 жактоочум бар болчу. Туугандарым, жакындарым таап беришти. Мен башында 2 айда иш бүтөт деп ойлогом. Анан бир жактоочум келип тергөө он айга чейин созула турганын айтты. Мен ага "экинчи келбе, сен суук кабар гана алып келет экенсиң" дедим (күлүп).

А эгер башында кармалганда эле 1 жыл сегиз ай отурасың десе чачым агарып кетмек го. Күн сайын үмүт менен жашап жаттык. Он айдан кийин соттук отурум башталды.

Менде бир ой болуп жатты. Жөн эле Кыргыз жараны болсом бир жөн. Анан ишти моюнга ал дегенде ойлондум. Кыргыз өлкөсүндө депутат болсом, анан ушундай иш менен алектенип жүрөм деп ишти моюнга алгым келген жок", - деди Асылбек уулу.



"Казакстанда камакта жатканымда Кыргыз өлкөсүнөн 70тей депутат барды" дейт Дамирбек Асылбек уулу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан