Бүгүн, 17-августта Кыргыз өлкөсүндөгү эмдөө кампаниясы аталышындагы жолугушуу болуп өттү.
Анда COVID-19га каршы эмдөө кампаниясынын Кыргыз өлкөсүндө жүрүшү боюнча эл аралык жана өлкөлүк эксперттер менен кенен талкуу орун алды.
Жолугушууда саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев өлкөнүн 70 пайыз калкы эмдөөдөн өтсө, коронавирустун төртүнчү толкуну болбой тургандыгын билдирди.