Пневмониядан балчылар коомдук бирикмесинин президенти 49 жашында каза болду

"Кыргыз балчыларынын бирлиги" коомдук бирикмесинин президенти Каракетов Казим Мудалифович эки тараптуу пневмониядан көз жумду. Ал 17-июлда көз жумганын аталган коомдук бирикмеден билдиришти.

Каракетов Казим Мудалифович 1970-жылы 7-декабрда төрөлгөн, эки жогорку билимдин ээси.

2008-жылы Казим Каракетов "Кыргыз балчыларынын бирлиги" коомдук ассоциациясын негиздеп, өлкөнүн балчылык тармагын өнүктүрүүгө демилгечи болгон.

Кыска мөөнөттүн ичинде ал КМШ өлкөлөрүнүн, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдүн балчылык кесиптик бирикмелери менен кызматташтыкты орноткон.

Ал өндүргөн продукциялардын сапаты эл аралык 43 сыйлыкка ээ. Казим Каракетов бал жана аары азыктарын өндүрүү боюнча ири завод жана лаборатория курган. Анын тушунда бал жана аары азыктары дүйнөнүн 30 мамлекетине экспорттолгон.

2017-2019-жылдары Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын агроөнөр жай комплекси жана кайра иштетүү өнөр жайындагы ишкердик боюнча комитетинин төрагасы болгон.

Кыргыз-Япон ишкерлер кеңешинин мүчөсү болгон.

Анын артында жубайы, эки баласы жана небереси калганын кошумчалашты балчылар коомдук бирикмесинен.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Казим Каракетовдун мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
TalaCSKA
2020-07-18 12:47:42
Ыйманы саламат болсун аяабай окунучтуу . мына ушундай адамдар мамлекетти мамлекет кылып экономиканы кармап турушат.
+4
i1urp
2020-07-18 13:05:00
Элдер вируска ишенбей жатышып аягы ушул болду.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан