Баястан Токтосунов бокс боюнча Азия чемпиондугунда чейрек финалга чыкты

Кыргыз өлкөсүнүн мушкери Баястан Токтосунов Бириккен Араб Эмирлигинде өтүп жаткан бокс боюнча Азия чемпиондугунун чейрек финалына чыкты.

Мекендешибиз 20-август күнү алгачкы беттешин өткөрүп, анда 50 килограмм салмак ченинде жергиликтүү (ред. Бириккен Араб Эмирлигинин мушкери) спортчу менен кез келген. Беттештин жүрүшүндө кыргыз мушкери атаандашына карата кыйла үстөмдүгүн көрсөтүп, мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.

Эске салсак, бокс боюнча Азия чемпиондугу Бириккен Араб Эмирлигинин Дубай шаарында өтүүдө. Ага Кыргыз өлкөсүнүн атынан 25 мушкер катышып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан