Өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулган иш-чаралардын тизмеси

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын майрамдоо алкагында өткөн жана пландаштырылган ири иш-чаралардын тизмесин расмий жарыялады.

Бишкек шаары

  • 24-25-августта саат 18:00дө Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында кыргыз-казак улуттук көркөм өнөр чеберлеринин эл аралык “Сармерден” теле долбоору;
  • 26-августта 18:00дө “Манас” кинотеатрында "Шамбала” толук метраждуу көркөм тасмасынын улуттук премьерасы;
  • 27-августта саат 10:00дө эски аянтта “Кыргызстан менин мекеним!” аттуу этностор аралык "Достук" фестивалы;
  • 30-31-августта саат 19:00дө А.Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында КМШ жаштарынын симфониялык оркестринин концерти;
  • 30-31-августта саат 18:00дө Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз элинин төкмө акыны Өтө Көкө уулу (Жеңижоктун) 160 жылдыгына, казак элинин акыны Жамбыл Жабаевдин 175 жылдыгына карата, кыргыз-казак акындардын айтышы;
  • 31-августта саат 9:00дө Бишкек шаарынын борбордук “Ала-Тоо” аянтында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата майрамдык салтанат;
  • 5-сентябрда саат 18:00дө А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында “Ак-Мөөр” опера-дастанынын премьерасы.

Талас облусу

  • 29-августта саат 20:00дө “Манас ордо” улуттук комплексинде “Урааным Манас!” аттуу театрлаштырылган салтанат.

Жалал-Абад облусу

  • 20-августта Жалал-Абад облустук драма театрында “Алтын өрөөн” кол өнөрчүлөрдүн жана дизайнерлердин фестивалы өттү.

Ысык-Көл облусу

  • 21-августта Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы борборук аянтында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына, Жусуп Абдырахмановдун 120 жылдыгына, Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына, Кусейин Карасаевдин 120 жылдыгына карата маданий-массалык иш-чара өттү;
  • 31-август күнү Чолпон-Ата ат майданында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдык мааракесине арналган “Көк бөрү” улуттук ат оюндары өтөт.

Нарын облусу

  • 23-августтан 25-августка чейин саат 12:00дө Нарын шаарындагы Т.Усубалиев атындагы эс алуу багында республикалык кол өнөрчүлөрдүн “Шырдак” жана “Оймо” фестивалдары өтүүдө.

Ош облусу

  • 31-августта саат 9:00дө Ош шаарынын Борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата майрамдык салтанат өтөт.

Баткен облусу

  • 31-августта саат 17:00дө Баткен шаарынын борбордук стадионунда Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата майрамдык салтанат өтөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан