Өлкөнүн тышкы соода жүгүртүүсү январь-май айларында 2 миллиард 813 миллион долларды түздү

Министрлер кабинети өлкөнүн жыл башынан бери социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарын карады. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Экономика жана финансы министринин биринчи орун басары Данияр Иманалиев белгилегендей, бул мезгил аралыгында мамлекеттин социалдык коргоо жана пенсиялык камсыздоо жаатындагы бардык пландалган милдеттенмелери өз убагында аткарылып, өлкөдөгү социалдык туруктуулук сакталды.

2021-жылдын 2-кварталынын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукциянын реалдуу өсүү темпи 105,5 пайызды түздү, бирок жыл башынан бери терс динамика сакталып турат (-1,7 пайыз). ИДПнын реалдуу өсүү темпи 98,3 пайызды түздү.

Негизги капиталга инвестициялардын көлөмү каржылоонун бардык булактарынын эсебинен 37,7 миллиард сомду түздү.

Өлкөнүн тышкы соода жүгүртүүсү 2021-жылдын январь-май айларында 2 миллиард 813,4 миллион долларды түздү жана 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 27,7 пайызга өстү. Экспорт 818,7 миллион долларды түзүп, 4,4 пайызга өстү.

Экономиканы жеңилдетилген кредиттөө боюнча колдоо инструменттерин кеңири колдонуу банк секторун стимулдаштырууга мүмкүндүк берди, натыйжада экономикага кредит 6,9 пайызга көбөйдү (2021-жылдын июнунун аягында 180,5 миллиард сомду түздү). Банк секторунун кредиттик портфелинин көлөмү 2021-жылдын 31-майына карата 171,4 миллиард сомду түзүп, жыл башынан бери 5,4 пайызга көбөйдү.

“Айыл чарбасын каржылоо-9” долбоорунун алкагында коммерциялык банктар тарабынан 4 млрд 881,8 миллион сомго 9606 жеңилдетилген кредит берилди.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтин жетекчилерине бир катар тапшырмалар берилди. Анын ичинде:

  • жеке секторго тике инвестицияларды тартууга максималдуу көмөк көрсөтүү, ошондой эле саламаттыкты сактоо, билим берүү, айыл чарба, энергетика жана социалдык-тиричилик инфратүзүм секторлоруна мамлекеттик-жеке өнөктөштүгүнүн инфратүзүмдүк долбоорлоруна инвестицияларды жүзөгө ашыруу менен инвестициялык ишке дем берүү чараларын көрүү;
  • азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү;
  • 2021-жылга карата республикалык бюджеттин бекитилген параметрлерине ылайык мамлекеттик инвестициялар долбоорлорун ишке ашырылышын өзгөчө контролго алуу;
  • мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды автоматташтырылган форматка өткөрүүнү өзгөчө контролго алуу;
  • коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы аракеттенүү боюнча кечиктирилгис иш-чаралардын толук жана өз учурунда каржыланышын камсыз кылуу;
  • COVID-19 байланыштуу очоктуу аймактарда иштеген медицина кызматкерлерине компенсацияларды төлөөнү камсыз кылуу;
  • жөлөк пулдарды дайындоо системасын автоматташтыруу аркылуу жөлөк пулдардын даректүүлүгүн жана ар бир калктуу конуштун деңгээлинде муктаждыкты жана алуучулардын тизмесин аныктоо боюнча ачык айкындуулукту камсыз кылган механизмин ишке киргизүүнү камсыз кылуу;
  • эл аралык транспорт коридорлорунда ишке ашырылып жаткан иштердин мөөнөттөрүнө жана графиктерине ылайык бардык инвестициялык долбоорлор боюнча 2021-жылдын курулуш сезонун аяктоо, ошондой эле 2021-жылга титулдук тизмеге киргизилген объекттерди бүтүрүү боюнча чараларды көрүү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан