Республикада акыркы бир сутка аралыгында 4 адам коронавирустан каза болду. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, көз жумгандардын үчөө Бишкекте, бирөө Ысык-Көлдө катталды.
Кыргыз жергесинде коронавирус инфекциясы катталган күндөн тартып жалпы 2 миң 507 адам көз жумду.