Бүгүн, 27-августка карата 386 бейтап коронавирус илдетинен айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча:
Бишкек — 168;
Ош шаарында — 3;
Чүй облусунда — 76;
Ош облусунда — 3;
Талас облусунда — 4;
Нарын облусунда — 16;
Ысык-Көл облусунда — 83;
Жалал-Абад облусунда — 20;
Баткен облусунда — 13.
2020-жылдын март айынан тарта республикада коронавирус инфекциясынан жабыркаган бейтаптардын ичинен 168 миң 398 жаран айыкты.