"Кабыргага уруп, тырмак астына ийне сайышкан". Эки аялдын өлүмүнө шектелген өспүрүм милициянын кыйноосунан улам күнөөнү моюнга алганын айтат

Эки аялдын өлүмүнө шектелген 16 жаштагы өспүрүм кыйноолордон улам күнөөнү моюнга алганын айтып чыкты. Ал Свердлов РИИБинин милиция кызматкерлерин "кабыргага сокку уруп, тырмак астына ийне сайышкан" деп айыптаган. Бул тууралуу Кыйноолордун алдын алуу борборунан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы Кыйноолордун алдын алуу улуттук борбордун өкүлчүлүгүнө 2005-жылы туулган Ж.М.нын ата-энеси кайрылган. Анда арыз ээси камактагы баласы Свердлов РИИБинин кызматкерлери тарабынан кыйноого алынгандыгын билдирген.
Өспүрүм 2021-жылдын 12-майында Бишкекте денесинде зордук-зомбулуктун белгилери табылган эки аялды өлтүргөн деп шектелүүдө. Учурда Жазаларды аткаруу мамлекеттик комитетинин №14 тергөө изоляторунда отурган шектүү менен борбордун кызматкерлери сүйлөшүү жүргүзүштү.
"Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө өспүрүм 12-майда Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл облусунун Ой-Тал айылында кармалганын билдирди. Өспүрүмдүн айтымында, андан кийин милиция кызматкерлери аны Чоң-Өрүктү айылындагы токойдо кыйноого алышкан. Күнөөнү моюнуна алдыруу үчүн милиция кызматкерлери баланын кабыргасына уруп, башына хлор салынган полиэтилен баштыгын кийгизип, ийнени тырмактарынын астына сайышкан. Андан кийин аны унаанын багажына салып, Бишкек шаарынын Свердлов РИИБине алып келишкен. Кабинетте милиция кызматкерлери кармалган өспүрүмдү тапанча менен коркутуп, кыйноону улантышкан. Ал көрсөтмө берүүдөн баш тартканда ыкчам кызматтын өкүлдөрү баңгизатын жашыруун салып, атасын каматып салышарын айтып коркутушкан. Андан кийин өспүрүмдүн айтымында кылмышка барбаса да, киши өлтүрүү фактысын моюнуна алууга туура келген", - деп борбордун өкүлдөрү болгон ишти маалымдашты.
Сүйлөшүүдөн кийин шектүү делинген өспүрүм Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборуна кыйноо жөнүндө арызын жазды. Мекеменин кызматкерлери мындан сырткары тергөө изоляторундагы камераларга, карантиндик зонага жана тарбиялоочу колонияга киришти. Ушул тапта тергөө изоляторунда жана колонияда 24 жашы жете элек бала жана казакстандык 1 өспүрүм карантиндик зонада отурушат. Сурамжылоонун жүрүшүндө кыйноо же катаал мамиле жасоо тууралуу башка даттануулар болгон жок.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Erlan_95
2021-08-27 12:32:26
Олтурушу деле мумкун. Наоборот подростоктор мыкаачы болушат
-5
Jibani
2021-08-27 14:15:19
Erlan_95,иии соз деп эле суйлой береинби?олтургонун Бир кудай билет билерман болбочу э
+2
Erlan_95
2021-08-27 20:41:01
Jibani, А может чын эле ошол))?
0
alym21
2021-08-27 13:32:12
Апасы мн кызын олтургон бала беле бул.
+1
Jibani
2021-08-27 14:15:32
alym21,ошол окшойт
+1
Bylykbylyk.9
2021-08-28 03:09:24
Кудай сакта,жүрөгүм түштү окуп алып.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан