Бут кийимдерин чечип, отургучтардын үстүнө чыгып... Аянтта эл парадды көрүп жатат

Бүгүн, 31-августта борбордук "Ала-Тоо" аянтында Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган парад өтүүдө. Анда аянтта аскерлердин жүрүшү менен башталган иш-чара старт алып, аскердик техникалар дагы тартылды.

Борбордук аянтка келген эл парадды кызуу көрүп жатышат. Ошондой эле парадды көрүү үчүн отургучтарга чыгып алып көрүп жаткандар дагы бар. Бирок алар маданияттуулук менен бут кийимдерин чечип, отургучтардын үстүнө чыгып алып парадды көрүп жатканын байкоого болот. Параддагы көп кызыкты көрүү шыбагасы алдыңкы катарда отургандарга жеткиликтүү болуп, артта турган жүздөгөн тургундар аны көрүүгө түрдүүчө аракеттерин жасашты.

Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан