Дөөлөт Сыдыков Москвада манас айтуусун баштады. Ага кандай орун даярдалган? (сүрөт)

Манасчы Дөөлөт Сыдыков Орусиянын Москва шаарында 5 күн, 5 түн бою улуу баян айтууну баштады. Бул туурасында манас айтуу, Гиннесске каттоо боюнча иштерди уюштурууну жетектеген Гүлзар Кокенова тарабынан маалым болду.
"Манас айтууга В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин профессору Марклен Конурбаев, филология илимдеринин доктору, манас таануучу, профессор Жылдыз Орозобекова күбө болууда. Гиннесске каттоо боюнча документтерди топтогондо ушул эки кишинин көрсөтмөлөрү дагы тиркелет", - деди Кокенова.
Бүгүн, 31-августта Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоонун алкагында Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин жана кыргыз диаспора уюмдарынын колдоосу менен салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чарага элчи Гүлнара-Клара Самат, манас таануучулар, диаспоралык уюмдардын өкүлдөрү жана жалпыга маалымдоо каражаттары катышты. Элчи өз сөзүндө улуу Манастын кыргыз эли үчүн өзгөчө ыйык маанисин белгилеп, Дөөлөт Сыдыковго анын бийик миссиясына жетүүдө ийгилик каалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Nina.alex
2021-08-31 18:55:54
Зачем это надо
+6
Jibani
2021-08-31 18:58:01
Nina.alex,ты не понимаешь
-4
NURSAPAR
2021-08-31 19:10:09
Кыргызча билгениңде түшүнсөң керек эле.
0
Gulina90
2021-08-31 20:13:28
Россияда айтпай эле койбоптурда.
+6
ayzhan12
2021-08-31 20:25:31
Азаматсынар. Манас дуйно жузундо айтылганы эн сонун. Манас атабыздын руху, касиети колдосун Кыргыз элимди.
-9
Ernisbii
2021-08-31 20:43:48
Чала Кыргыздар жок дегенде тантыган сөздөрүнөрду жазбай эле койгулачы сураныч Манас бабабыздын касиетин түшүнбөсонор башыңарды орутпай колуңарды талытып жазбагыла өзүңөрдү кемчонтой корсотпогуло.
0
mariolan
2021-08-31 20:54:51
беш күн бою тынбай айтса кантип сийип чычат
+6
leilekstan_1987
2021-08-31 21:01:17
mariolan,кысып олтуруп айта берсе керекда)))
+2
bema10
2021-08-31 21:24:23
Иш чара Москванын кайсыл жагында отуп жатат?
Бугун посольства жака барсам тып тынч, дагы 31 август выходной деп жазылып турат.
Билсениздер айтып койгулачы
+1
nurdan2018
2021-08-31 21:59:20
Гиннестин китеби бул еврейлердин идеясы мусулмандарды онойлук менен каттабаса керек коро жатабызго
-3
Omyke
2021-08-31 22:24:11
Ушу тим эле койбодуда эми
+3
nazira...
2021-08-31 22:34:13
Адамдар хот бар экен,Ошто айтканда ончакты адам эле жүргөн, алар да тааныштары болсо керек эле.
+1
KG-312
2021-08-31 23:04:39
Жөн койсо болмок.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан