Дагы 6 партиядан шайлоого катышуу үчүн билдирүү түштү

Дагы 6 партиядан шайлоого катышуу үчүн билдирүү түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Мекенчил эл", "Бирге-Вместе", “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы”, "Менин Мекеним", "Келечек-Будущее", "Элдик партиясы" партиялары БШКга билдирүү берди.

Буга чейин төмөнкү партиялар шайлоого катышуу ниетин билдиришкен:

  1. "Социал-демократтар" партиясы;
  2. "Улуттар биримдиги" партиясы;
  3. "Ишеним" партиясы;
  4. "Кыргызстандын жашылдар партиясы";
  5. "Жаратман эл" партиясы;
  6. "Альянс" партиясы;
  7. "Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партия";
  8. "Ата Мекен" партиясы;
  9. "Ыйман Нуру" партиясы;
  10. "Эл үмүтү социалдык саясий партиясы";
  11. "Актив" партиясы;
  12. "Бийлик элге" партиясы;
  13. "Акыйкат Кыргыстан" партиясы;
  14. "Ар-Намыс" партиясы;
  15. "Кыргызстандын саясий күчтөрүнүн альянсы" партиясы.
  16. "Күч биримдикте" социалдык-саясий партиясы”;
  17. "Ынтымак" партиясы;
  18. "Аалам" партиясы;
  19. "Тилектештик" партиясы;
  20. "Социалист" партиясы;
  21. "Ак Бата" партиясы;
  22. "Адилет" партиясы;
  23. "Ата-Журт Кыргызстан" партиясы.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Asmat84
2021-09-02 19:44:25
Өлөт экенсиңер эми баарынын эле депутат болгусу бар
+3
Umar7
2021-09-02 19:59:42
Бүтүн Кыргызстан Катышпайт окшойт э?
+3
Real98
2021-09-02 20:17:15
Мени да кошуп койгула,"эч кимге ишенбегиле" саясий партиясы.
+2
suban78
2021-09-02 20:41:59
Дагы жеп жутарлар келатса керек жеп калалы деп.
Жегичтер эмне ушунчалык эле таш боорсунарбы, жап жаш кыздар окууну бутуп эле тирилик кылалы деп чет мамлекеттерге кетишет. Ошолорду коруп туруп дагы жейсинер а акмактар. Же жарылып да кетпединер. Силерди эмне Кудай корбойбу, же эмне билгенинер бар.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан