Камактагы Жеңиш Молдокматов менчик клиникалардын бирине которулду

Жеңиш Молдокматов ден соолугуна байланыштуу менчик клиникалардын бирине которулду. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, анын жүрөгүнө операция жасалган. Учурда абалы жакшы.

"Айыпталуучунун жүрөгүнө операция жасалды. Учурда абалы жакшы", - дешти мекемеден.

Буга чейин Жеңиш Молдокматов СИЗО-1ден №47 абакка которулганы айтылган.

Эске салсак, Жеңиш Молдокматов УКМК тарабынан кармалып, башында Ички иштер министрлиги Молдокматовго октябрь окуяларында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имаратын басып алууга аракет кылган деп айыптаган. Андан соң айыпты “массалык баш аламандык” беренесине өзгөртүшкөн.

Андан соң Молдокматов ачкачылык жарыялап, 11 күндөн кийин ооруп калганына байланыштуу токтоткон.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан