Биз социалдык тармакта

Төө-Ашуудагы унаа жолго жаңы асфальт төшөлдү

Бишкек-Ош унаа жолунун тилкесинде (Төө-Ашуунун түштүк тарабы) эски асфальт-бетон төшөлмөсү алынып, ордуна жаңысы төшөлдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө республикалык бюджеттен 83 000 миң сом каржыланды.

"Республикалык бюджеттен 2021-жылга каржылоо үчүн сунушталган объекттердин жана курулуш долбоорлорунун тизмесине ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 132,5-141-чакырымдарында асфальт-бетон төшөөчү түзүлүш үчүн 170 000 миң сом каралган. Учурда бюджеттен 83 000 миң сом каржыланды.

Бишкек-Ош жолунун 132,5тен 141-чакырымына чейин асфальт-бетон төшөө үчүн тендер 2021-жылдын 14-июнунда жарыяланган. Жалпысынан 8,5 чакырымга жаңы асфальт төшөө пландалууда.

Буга чейин 3,2 чакырымга чейин жумуш бүткөрүлгөн. Бишкек-Ош жолунун жогорудагы тилкелериндеги курулуш иштерин 2021-жылдын 30-сентябрына чейин бүтүрүү пландалууда", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
33SUUN
2021-09-04 16:33:33
Цифраларга жок дегенде бирден ноль кошуп койгулачы байболгурлар.Ары жагынан бери жагынан карасам дагы окшошпой жатат.
+4
Ilimbek010996
2021-09-04 19:16:56
33SUUN,эч ким акча жебесе балким ушул эле акчага бүтөөр да. Бирок чын эле окшошпой турат
+1
Aidar.001
2021-09-04 21:30:34
Колго эле эки адам асфальттап жатабы анда? :)
0
Alishdaman
2021-09-04 22:12:03
8,5 чакырым жол бүтүп калса эгер 5 жылдык план толду деп эсептелинет
0
Mirba1610
2021-09-05 14:41:16
Жыл сайын эле асфальттанат бирок жазга жетип жетпей Таш талканы чыгат, сапаты ото жаман
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан