Биз социалдык тармакта

Баткен облусундагы аскердик машыгуулар аягына чыкты (сүрөт)

Бүгүн, 4-сентябрда Баткен облусундагы 30630 аскер бөлүгүнүн полигонунда "Түштүк – 2021" биргелешкен командалык-штабдык мобилизациялык машыгуусунун жыйынтыктоочу салтанаты өткөрүлдү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, салтанатка коргоо министри генерал-майор Таалайбек Омуралиев, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, облустун укук коргоо жана башка администрациялык ведомстволордун өкөлдөрү жана "Түштүк – 2021" машыгуусунун катышуучулары катышты.
Машыгуунун жүрүшүндө өзгөчөлөнгөн катышуучуларга коргоо министринин атынан сыйлыктар ыйгарылды.
Эскерте кетсек, 2021-жылдын 2-сентябрдан 4-сентябрга чейин Баткен жана Ош облустарында "Түштүк – 2021" биргелешкен командалык-штабдык мобилизациялык машыгуусу болуп өтүп, ага 1500дөн ашуун жаран катышты. Ошондой эле Коргоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана УКМК Чек ара кызматынын 200дөн ашуун аскер кызматкери тартылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Asmat84
2021-09-04 15:49:05
Омеей бүттүбү башталганынан бүтүшү бат болду го
-1
bessmertiy
2021-09-04 17:06:04
Ушинтип бат-баттан машыгууларды өткөзүп, аскердик күчтөрдү күчтөнтүп турса.
+4
NURSAPAR
2021-09-04 19:18:11
Туура кыласыңар. Тез-тез машыгуу өткөрүш керек болуп калды, кой терисин жамынган чөөлөр көбөйдү.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан