Вирустун айынан 500 миң америкалык миллионер статусунан айрылды

Коронавирус пандемиясы жана мунайга болгон баанын түшүп кеткени жарым миллион америкалыкты миллионер статусунан кол жуудурду. Бул тууралуу Чикагодогу базар бааларын изилдеген "Spectrem Group" компаниясы жазып чыкты.

Аналитиктердин берген маалыматына ылайык, 2019-жылдын аягында Америкада жалпы 11 миллион миллионер катталган. Ал эми 2020-жылы рейтингден дароо 500 миң адам чыгып кеткен. Адистер белгилегендей, пандемия жана мунайга болгон баанын түшүп кетиши аларды көптөгөн каражаттан кол жуудурган.

Буга чейин "Forbes" журналы дүйнөдөгү эң бай адамдар мунай арзандагандан бери канча акчасын жоготконун эсептеп чыккан.

Анда эң биринчи орунда Жефф Безос турат. Ал 3 миллиард доллардан ашык акчасын жоготкон. Бирок бул жоготуу анын дүйнөдөгү эң бай адамдардын 1-сабында туруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан эмес.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurda00
2020-03-25 20:53:29
Адамдар олуп калып атбайбы, миллиондор не болуп калыптыр... Алтын башы аман болсо эртен эле таап алат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан