Борбордук шайлоо комиссиясы "Эркин Кыргызстан" жана "Эне жүрөгү - Мекен" партиясын каттоодон өткөрүүдөн баш тартты. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Буга чейин 3-сентябрда "ЭрК" партиясы парламенттик шайлоого катышуу боюнча билдирме берген.
Бирок Юстиция министрлиги Турсунбай Бакир уулу эмес, жетекчи катары Раис Алымкулов көрсөтүлгөнүн, акыркы өзгөртүүлөр 2001-жылы болгонун билдирди. Турсунбай Бакир уулу партиянын 1997-жылдын 27-февралындагы мамлекеттик кайра каттоо күбөлүгүнүн көчүрмөсүн берген.
Юстиция министрлиги 6-сентябрда билдиргендей, юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине ылайык, "ЭрК" саясий партиясынын башчысы Раис Алымкулов. Партиянын өкүлү белгилегендей, алар буга чейин жетекчини алмаштыруу үчүн документтерди тапшырышкан, бирок Юстиция министрлиги реестрге өзгөртүүлөрдү киргизген эмес.
Жыйынтыгында БШК партияны каттоодон өткөрүүдөн баш тартты.
"Эне жүрөгү - Мекен" партиясында дагы ушундай учур болду.