“Альянс” партиясынын үгүт кербени Ош шаарында уланды. Иш-чарага жергиликтүү тургундар активдүү катышып, талапкерлерди жакшы маанайда тосуп алышты.
Партиянын тең төрагасы Мирлан Жеенчороев алар бийликке эмес, элге кызмат кыла турган улан-кыздардан куралганын айтып, таза шайлоо өткөргөндө гана чыныгы элдик бийлик орной турганын кошумчалады.
Жанар Акаев бийликтин бир бутагы катары парламент күчтүү адамдардан куралышы керек деген пикирин билдирди.
Ал эми Алтынбек Сулайманов ар бир добуш аманат экенин, ага кыянат кылууга болбой турганын баса белгиледи.
Айсулуу Мамашова өлкөнүн билим берүү тармагына, балдардын жана аялдардын укугун коргоо маселесине токтолду.
Абдывахап Нурбаев болсо мектептерди компьютер, интернет менен камсыздоо, компьютердик программалоо, англис тилин 1-класстан баштап окутуу учур талабы экенин кошумчалады.
Жаш талапкер Акылбек Мамыров шайлоочуларды балдарынын келечеги үчүн татыктуу талапкерлерге добуш берүүгө чакырды.
Жолугушууга “Альянс” партиясынан депутаттыкка талапкерлер Маратбек Матазимов, Эрнис Кыязов, Жибек Ахмедова, Космос Чыдынов жана башкалар катышты.
АЛЬЯНС - 3 ☑ - БИР КҮЧ!
Аткаруучу: «Супер.кж» ЖЧКсы. Дареги: Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү 109. Буйрутмачы: «Альянс» саясий партиясы. Нускасы: 1. Чыгарылган күнү: 2021-жылдын 13-ноябры«Альянс» саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаеванын тескөөсү менен «Альянс» саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү (каттоо күбөлүгү №8, 01.09.2021-ж. БАШК).