Башкы прокуратура баасы 92 миллион сомду түзгөн жер тилкесин мамлекетке кайтарды

Башкы прокуратура Бишкекте баасы 92 жарым миллион сомду түзгөн жер тилкени мамлекеттин менчигине кайтарды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, Бишкек шаарынын Масалиев көчөсүнүн түштүк тарабынан орун алган жер тилкелер мыйзамсыз менчикке берилип кеткендиги аныкталган.
"Ленин райондук администрациясынын кызмат адамдары 2005-жыл ичинде жер мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен “кызыл сызыктардан” тышкары турган жана калктуу конуштардын жалпы пайдалануусундагы жерлерди 10 тилкеге бөлүп, турак үй куруу үчүн жеке жактарга берип салышкан.
Жогорудагы жер тилкелерге берилген укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтерди жокко чыгаруу үчүн прокуратура тарабынан сотко тийиштүү доо арыздар киргизилип, кароонун жыйынтыгы менен алар толук канааттандырылган. Ошондой эле Бишкек шаардык мэриясына прокурордук чара көрүү актысы келтирилип, баасы 92 миллион 509 миң 500 сомду түзгөн жарым гектар жер мамлекеттин балансына кабыл алынды", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан