Ушул жылдын 12-май күнү саат 11:25 чамасында Бишкектин Жибек Жолу жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги турак үйдөн апасы менен кызынын жансыз денеси табылган. Көп узабай бул ишке шектүү катары Ысык-Көл облусунун 2005-жылы туулган тургуну кармалган. Милиция ал мурда соттолгонун билдирген. Ал эми Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбору өспүрүм кыйноо жолу аркылуу кылмышты моюнга алдырганын жазып чыккан.
SUPER.KG порталы бул окуянын чоо-жайын билүү үчүн эки тараптын тең пикирин укту.
Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн эне менен кыздын жакыны (аты-жөнүн атагысы келген жок) шектүү жоопкерчиликтен качып жатканын айтат.
Ал эми шектүүнүн апасы Курманжан Беркенбаева баласына болгон кыйноолор жөнүндө төмөнкүлөрдү айтып берди.
"Уулумдун айтымында, ал көчөдөн өтүп бара жатып каза болгон кызды капыстан көрүп калат. Экөө мурун тааныш эмес болчу. Кыз мас абалында уулума үйгө жеткирип койчу “өлүп калам” деп суранат. Баламдын колунан кармап жалынып-жалбарыптыр. Жолдон келе жатып балама арак алып бер деп догурунганынан ичимдик алып бериптир. Уулум кыздын үйүнө киргенде үйдө мас абалында жаткан апасы уулумду “үйдө эмне жүрөсүң?” деп үбөлүк менен башка чааптыр. Эки-үч жолу чапканда баламдын көзү караңгылап, эсин жоготкон. Балам эсине келген соң эшикти жаап качып кеткен. Уулумду милиция кызматкерлери кармаган учурда жанынан каза болгон кыздын телефону табылган. Балам телефонду кыздан тирүү кезинде алганын моюнга алды. Бирок уулум тергөөдө кыз менен аял каза боло электе эле үйдөн кеткем деп айтып берген. Милиция баламды Ысык-Көлдүн айылдарынын биринен кармап кетип, токойго алып барып, кылмышты моюнга алдыруу үчүн башына хлор салынган баштыкты кийгизип, кулак тушка, кабыргасына уруп-согушкан. Балама милициялар "күнөөнү моюнга аласыңбы?" деп ийне менен тырмактын астына сайып "кылмышты моюнга албасаң сени ит аткандай атып кетебиз, атаңдын чөнтөгүнө бир кутуча кара куурай салып, каматып жиберебиз” деп коркутушкан. Андан соң Бишкекке алып барып да кыйноо көрсөтүшкөн. Тергөөчү балама “моюнга ала бер, эки жылдан кийин өзүбүз чыгарып алабыз, жардам беребиз, болбосо үстүңө жыл кошулат” деген экен.
Жабырлануучу тараптын жактоочусу Шердор Абдыкапаров учурда бул иш тергелип бүтүп, сотко өткөнүн билдирди.