ЖЫЛНААМА, 9-СЕНТЯБРЬ: Белгилүү кыргыз акыны Рамис Рыскулов тирүү болгондо 87 жашка чыкмак

Бүгүн, 9-сентябрда Кыргыз эл акыны, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Рамис Рыскулов жарык дүйнөгө келген. Акын тирүү болгондо бүгүн 87 жашка чыкмак. Ал быйыл, 26-январда узакка созулган оорудан улам дүйнө салган.

“Ыр аке” атыккан Рамис Рыскулов 1934-жылы 9-сентябрда Чүй облусунун Москва районуна караштуу Кызыл-Тоо айылында, кызматкердин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. 1951-жылы Фрунзе педагогикалык окуу жайын бүтүрүп, Москва шаарындагы ВЛКСМ Борбордук комитетине караштуу Борбордук комсомол мектебине жөнөтүлөт. Бул мектептеги 2 жылдык окуудан кийин Максим Горький атындагы Бүткүл союздук адабият институтуна өткөн.

Аталган окуу жайды бүтүргөн соң эмгек жолун "Кыргызстан пионери" гезитинде адабий кызматкер болуп иштөө менен баштаган, кийин «Ленинчил жаш» гезитинин редакциясында, 1959-1960-жылдары «Ала-Тоо» журналынын редакциясында эмгектенген.

Рамис Рыскуловдун акындык таланты эрте ачылган. Анын "Жаз" ырлар жыйнагы 1959-жылы 25 жашында эле басылып чыккан. Ага удаа эле “Даңкан”, “Эки жөжө”, “Шаттуу ырлар”, “Ай бөбөк”, “Поклон земле”, “Күлкү чачам”, “Жаштык шаары” аттуу жыйнактары жарык көргөн.

Эл акыны кыргыз тилине А.С.Пушкиндин, В.В.Маяковскийдин, Н.А.Некрасовдун, Л.Вознесенскийдин жана башка орус акындарынын чыгармаларын которгон.

Рыскулов бир гана поэзия менен чектелбестен, сүрөтчүлүк өнөр менен да алектенген. 1987-жылы ал тарткан «Иисустун өнүгүүсү» жана «Жылмаюу» деген сүрөттөр Москвада өткөн элдик кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсүнө коюлган. Ал ошондой эле Париждеги СССР элдеринин элдик кол өнөрчүлөрүнүн II фестивалына катышып, диплом алган жана фестивалдын лауреаты болгон.

1986-жылы поэзиядагы үзүрлүү эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган. Кыргыз маданиятына жана адабиятына кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1994), Кыргыз Республикасынын эл акыны (1995) деген ардак наамдар ыйгарылган.

Белгилей кетсек, Рамис Рыскулов эң көп псевдоними (жашыруун ат) бар акын атыккан. Өзүнүн айтуусу боюнча, 500дөн ашык псевдоними бар. Ошондой эле Кыргыз жазуучулар союзунун Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыгын биринчи болуп алган акындардын бири.

9-сентябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан